Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Элвира Сурабалдиева ЖКда тармактык комитеттин төрайымы болду

0

Депутат Элвира Сурабалдиева Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрайымы болуп шайланды. Анын талапкерлиги үчүн жашыруун добуш берүүдө 69 депутат “макул” жана бир депутат “каршы” добуш берди.

47 жаштагы Сурабалдиева Бишкек шаарында туулган. Кесиби боюнча эл аралык мамилелер боюнча адис. Атасы ишкер, мурдагы депутат Жыргалбек Сурабалдиев киши колдуу болгон соң ишкерлик менен алектенген. 2015-жылы Кыргызстан Социал-демократтар партиясынын тизмеси менен депутаттыкка шайланган. 2021-жылы Биринчи май районунун бир мандаттуу округунан жеңип, мандат алган.

2025-жылы ноябрь айында өткөн Жогорку Кеңешке шайлоодо №23 округдан утуп келген.

Жогорку Кеңештин 90 мандаттуу VIII чакырылышы 2025-жылдын декабрь айында ишин баштаган. Парламентте сегиз тармактык комитет, беш депутаттык топ бар. (BTo)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса