Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21
22
23
24
25
26
27
28

Чеченстандан качып кеткен Баймурадованын сөөгүн жерге берүү зыйнатын армян өкмөтү каржылайт

0

Армян укук коргоо органдары маркумдун өлүмү үчүн Армениядан чыгып кеткен орусиялык эки жарандан шек санап жатышат.
Баймурадованын өнөктөшү бул иште өзүн жабыркаган тарап деп табууну өтүнүп, кыздын сөөгүн жакын адамы катары ага берүүсүн сураган. Айшаттын сөөгүн туугандарына эмес, жакындарына берүү өтүнүчүн буга чейин СК SOS кризистик тобу да суранган.

Айшат Баймурадованын көк ала болгон сөөгү Еревандагы үйлөрдүн биринен 2025-жылы 19-октябрда табылган. Баштапкы маалыматтарда кыз муунтулуп өлтүрүлгөнү айтылган. Кийинчерээк полиция көзөмөл камераларын карап чыгып, Айшат өлтүрүлгөн күнү ал жашаган батирден эки адам - Карина Иминова жана Чеченстандын жараны Саид-Хамзат Байсаров чыкканын аныктаган. Экөө тең ошол эле күнү Армениядан чыгып кетишкен.
"Медуза" басылмасы Саид-Хамзат Байсаров ишкер Руслан Байсаровдун – Чеченстандын лидери Рамзан Кадыровдун досунун агасынын баласы экенин жазды. Ал терроризм боюнча айыпталган, бирок 2019-жылы айып жокко чыгарылган.
Айшат Баймурадова 2024-жылы январда укук коргоочуларга үй-бүлөлүк зомбулукка кабылганын билдирген. Анын сөзүнө караганда, атасы Чеченстандагы күч кызматтарында иштеген. Чоң энеси Рамзан Кадыровдун атасы Ахмат Кадыровдун тууганы. Айшатты өлкөдөн сыртка чыгарууга кеминде эки кризистик топ көмөктөшкөн.

Арменияга качып келгенден кийин Айшат соцтармактарда Кадыровдун режимин, Чеченстандагы патриархалдык системаны, эркектерди сындаган. Ал жашаган жерин жашырган эмес.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса