Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21
22
23
24
25
26
27
28

Трамп белгисиз учуучу объекттер тууралуу документтерди жарыялоону тапшырды

0

Американын президенти Дональд Трамп Пентагондун башчысы Пит Хегсетке белгисиз учуучу объекттер (НЛО) жана жерден тышкаркы жашоо тууралуу өкмөттүк документтерди жарыялоо тапшырмасын берди. Бул тууралуу Трамп Truth платформасына жазды.

“Коргоо министрине жана тиешелүү департаменттер менен агенттиктерге жерден тышкаркы жашоо, аныкталбаган аба кубулуштары жана белгисиз учуучу объекттер боюнча өкмөттүк документтерди аныктоо жана жарыялоо процессин баштоону тапшырам. Бул өтө татаал, бирок абдан кызыктуу жана маанилүү маселелерге байланышкан бардык маалымат ачыкка чыгарылышы керек”,- деди президент.

Бир күн мурда ал АКШнын экс-президенти Барак Обаманы “жашыруун маалыматты ачыкка чыгарды” деп айыптаган.

Обама Брайан Тайлер Коэндин подкастында башка планеталарда жашагандар тууралуу суроого “Алар чындап бар, бирок мен аларды көргөн эмесмин”, — деп жооп берген.

Ошондой эле ал Невада штатындагы жашыруун өкмөттүк база тууралуу теорияларды четке каккан.

Обама “алар 51-аймакта кармалбайт” деп белгилеген.

51-аймак же Area 51 АКШнын Аба күчтөрүнө караштуу жашыруун объект. Айрым теорияларга ылайык, ал жерде белгисиз учуучу объекттер жана башка жактан келгендер изилденет делет.

Обама “аалам ушунчалык кең болгондуктан статистикалык жактан кайсы бир жерде жашоонун болуш ыктымалдыгы жогору” экенин кошумчалаган.

2024-жылдагы баяндамасында Пентагон АКШ өкмөтүнүн өкүлдөрү жерден тышкаркы жашоонун үлгүлөрү менен жолукканын ырастаган далилдер жок экенин билдирген.

Белгисиз учуучу объект деп кабыл алынган объекттердин көбү кадимки жердеги технологиялар болгон. Документте 1950–1960-жылдары белгисиз учуучу аппараттарга болгон кызыгуунун күчөшү айрым космостук технологияларды текшерүү менен түшүндүрүлгөн.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса