Түркияда Германиянын "Немис толкуну" медиасынын журналисти кармалды
Германиянын "Немис толкуну" (DW) медиасынын тажрыйбалуу кабарчысы Алижан Улудаг Түркияда кармалды. Түрк бийлиги аны “адаштыруучу маалымат таратуу” жана “президентти мазактоо” беренелери боюнча айыптоодо.
Стамбулдун Башкы прокуратурасы 19-февралда кечинде билдирүү жасап, журналисттин социалдык тармактардагы айрым билдирүүлөрүнө байланыштуу кылмыш иши козголгонун маалымдады.
DW агенттиги бул маалыматты ырастап, Улудаг Анкарада кармалып, кийин Стамбул полициясына жеткирилгенин билдирди.
Аталган медианын башкы директору Барбара Массинг коюлган айыптарды негизсиз деп атап, кармоону “атайын коркутуу аракети” катары баалады.
Анын айтымында, бул кадам өлкөдө басма сөз эркиндиги канчалык деңгээлде чектелип жатканын көрсөтөт.
Медиа компания билдиргендей, Улудагга коюлган дооматтар болжол менен бир жарым жыл мурда X социалдык тармагында жарыялаган постуна байланыштуу болушу ыктымал.
Анда ал Түркия өкмөтүнүн айрым чечимдерин сындап, алардын натыйжасында “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмуна байланыштуу шектелген адамдар бошотулганын жазган.
DW ошондой эле журналисттин батири тинтүүгө алынып, компьютери жана башка техникалык жабдуулары конфискацияланганын кошумчалады.
