Президент Жапаров Кыргызстанда Тергөө комитети түзүлөрүн билдирди
Президент Садыр Жапаров укук коргоо органдарында жасала турган реформалар тууралуу 21-февралда “Кабар” улуттук агенттигине маек куруп, өзүнчө Тергөө комитети түзүлөрүн билдирди.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде чалгындоо, контрчалгындоо, конституциялык түзүлүштү коргоо, терроризм, экстремизм, бандитизм, баңгизаттарына каршы күрөш жана башка иштер каларын тактады. Ушул багыттар боюнча иштерди тергөө атайын кызматтын өзүндө калат.
ИИМ дагы өздөрүнө түздөн-түз тиешелүү милдеттер менен гана иш алып барып, ал боюнча тергөө укугун сактап калат.
Жаңы Тергөө комитетин түзүүгө бейкүнөө кишилерге адилетсиз кылмыш иши козголуп калган учурлар себеп экенин, мындай жагдайга тергөөчүлөргө жогорудан берилген тапшырмалар түрткү болорун түшүндүрдү.
“Ошентип азыркы учурда адилетсиз болуп жаткан фактылар жок эмес. Ал эми Тергөө комитети болсо түздөн-түз президентке баш иет. “Оперативник” менен министр алып келген чийки иштерди кабыл албай коёт. Иш козгобойт. Албетте, адилетсиздикке кабылып жаткан жарандарыбыз камалбайт. Дароо коё берилет. Мына ушундай кылганыбызда гана адам укуктары 100 пайыз болбосо дагы 95 пайыз сакталат. Келечек муунга коопсуздук камсыздалат”, - деди президент.
Жапаров экономикалык иштер да ушундай шартта каралып, жалаа жабылгандар жок жерден жазага тартылбай турганын кошумчалады.
Бул реформаны ишке ашыруу келерки жылдан башталарын, ал үчүн имарат, техникалык база түзүлүп, мыйзамдык жактан даярдык көрүлөрүн тактады.
Садыр Жапаров 10-февралда Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон.
Садыр Жапаров 10-февралда Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Ошондон кийин УКМКнын бир катар кызматкерлери кармалып, кызматтан алынды. Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков, УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгын тергөө бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Бердибек Боронбаев, Элдар Жакыпбековдун жакын адамы деп айтылып жаткан УКМКнын мурдагы кызматкери Сыдык Дүйшөмбиев, УКМКнын Өзгөчө маанилүү иштер боюнча 6-башкы башкармалыгынын жетекчиси Тилек Абдыкалыков камакка алынды. Алардын баарына Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлду.
Кармалгандардын жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек. Чет өлкөгө чыгып кеткен Камчыбек Ташиев да акыркы камоолор тууралуу үн ката элек.
Соңку окуялардан улам Кыргызстанда УКМК кармап, камаган адамдардын ишин кайра териштирип, адилет чечим чыгаруу керектиги айтылууда.
