Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21
22
23
24
25
26
27
28

Чүйдө жана Бишкекте катуу шамалдан бак кулап, үйлөрдүн чатыры учту

0

21-февралда Бишкек шаарында жана Чүй облусундагы катуу шамалдан турак үйлөргө жана инфратүзүмгө бир катар зыян келтирилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымат бергендей, Бишкектин Москва көчөсүндө көп кабаттуу үйдүн чатыры учуп, жакын жайгашкан үйдүн чатырына кулап түшкөн. Ал эми Бакаев жана Интергельпо көчөлөрүндө шамал үйлөрдүн чатырларын учуруп, бак кулаган.

“Ленин районунун Москва көчөсүндөгү чатырды коопсуздандырууга КР ӨКМдин Куткаруу кызматынан беш куткаруучу жана Панфилов районунун Октябрь айылындагы орто мектептин шамал учуруп кеткен чатыры боюнча тактоого райондук бөлүмдөн ыкчам топ тартылды”, - деп жазылган маалыматта.

Шамал Көк-Жар конушунда турак үйдүн чатырын учуруп, бак кулап, электр зымына асылып калган жана көп кабаттуу үйдүн сырткы жасалгасы эки унааны басып калган.

Ысык-Ата районунун Жар-Башы айылында, Сокулук районунун Маловодное айылынын, Москва районунун Беловодское айылында шамал үйлөрдүн чатырын учуруп, бак кулаган.

Ал эми Панфиловдун Күрпүлдөк айыл аймагында орто мектептин чатырын учуруп кеткен.

Былтыр май айында Бишкекте катуу шамалдан бактар кулап, бутактар сынган. Анын кесепетинен машиналар, турак жайлардын чатырлары жабыркаган. Ала-Тоо аянтындагы мамлекеттик туу айрылган.

Мурунку жылдары дагы бир канча миллион сомдук чыгашага алып келген катуу шамал өлкөнүн ар кайсы аймактарында катталган.

Экологдор катуу шамалдын күч алышына климаттын өзгөрүшү себеп экенин айтып келишет.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса