Январда мамлекеттик карызды төлөөгө 85,3 млн доллар сарпталды
Быйылкы январь айында мамлекеттик карызды төлөө үчүн 7 млрд 470 млн сом же 85,3 млн доллар сарпталды. Бул тууралуу Финансы министрлигинин баяндамасында жазылды.
Мунун ичинен тышкы карызды төлөөгө 3 млрд 48,2 млн сом же 34,8 млн доллар жумшалган. Ал эми ички карызды төлөөгө 4 млрд 421,8 млн сом же 50,5 млн доллар сарпталган.
2025-жылы жалпысынан тышкы карызды төлөөгө 45,9 млрд сом же 525,3 млн доллар, ал эми ички карызды төлөөгө 31,170 млрд сом же 356,2 млн доллар жумшалган.
2025-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жеткенин 19-февралда Финансы министрлигинин сайтына жарыяланган.
Анын ичинен 3 млрд 573,54 млн доллар ички, 5 млрд 347,8 млн доллар тышкы карыз. Тышкы карыздын көп бөлүгү - 1 млрд 500,86 млн доллары Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына (Эксимбанк) туура келет.
Президент Садыр Жапаров былтыркы Элдик курултайда Кыргызстан 2035-жылга чейин тышкы карыздан толук кутуларын айткан. Президент акыркы жылдары сырттан алынып жаткан каражат өзүн актай турган чоң экономикалык долбоорлорго жумшалып келатканын айтып келет.
Айрым экономисттер соңку жылдары өлкөнүн ички карызы кескин көбөйгөнүн, кыска мөөнөткө жана жогорку пайыз менен алынып жаткан мындай карыз экономика, мамлекеттик бюджет үчүн кооптуу экенин эскертип келишет. (ZKo)
