Казак жубайлардын өлүмүнө шектүү Индонезияда кармалды
Казакстандын Атырау облусунда жашаган жубайлардын табышмактуу өлүмүнө шектелген жаран Индонезияда кармалган. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги 24-февралда билдирди.
Расмий маалыматта айтылгандай, оор кылмышка шектүү Индонезиянын Ломбок аралында атайын жүргүзүлгөн атайын операциянын алкагында кармалган.
Мекеменин маалыматына ылайык, аны менен кошо буга чейин дайынсыз жоголду деп эл аралык издөө жарыяланган мурдагы жубайы да табылган.
Тергөө версиясы боюнча, шектүү адам өлтүрүүнү алдын ала пландап, ишке ашырган болушу мүмкүн.
Ички иштер министрлиги учурда аларды Казакстанга депортациялоо маселеси каралып жатканын билдирди.
Азырынча шектүүнүн жана анын өкүлдөрүнүн бул иш боюнча позициясы жарыялана элек.
25-декабрда Атырау облусунда тургундардын бири полицияга кайрылып, агасы жана анын үй-бүлөсү (жалпы төрт адам) дайынсыз жоголгонун билдирген. Анын айтымында, алар менен байланыш бир айдан ашык убакыттан бери үзүлгөн.
6-январда жубайлардын сөөгү өзүлөрү жашаган үйдүн сарайынан табылып, 8-январда Жангелдин айылында жерге берилген.
Жубайлардын Наурыз жана Мирамгүл деген уул-кызы табыла элек.
Буга чейин полиция бул үй-бүлөнүн дагы бир кызы жана күйөө баласы Өзбекстанга, андан ары башка өлкөгө кеткенин аныктаганын билдирген.
