Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25
26
27
28

Жогорку Кеңеште тармактык эки комитеттин төрагалары алмашты

0

Жогорку Кеңештин 25-февралдагы жыйынында Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетине Гүлкан Молдобекова төрайым болуп шайланды. Анын талапкерлигин “Ала Тоо” депутаттык тобу көрсөткөн.

Ушул эле күнү Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетине Сүйүнбек Өмүрзаков төрага болуп шайланды. Бул комитеттин төрагасынын орун басары депутат Жылдыз Курманалиева болду.

Парламент жыйынында төрага Марлен Маматалиев Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитеттин төрайымы Гүлсүнкан Жунушалиева жана Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин төрагасы Болот Борбиев кызматын тапшыруу боюнча арыз жазганын билдирген.

Комитет төрагаларынын эмне себептен кызматтан кеткени расмий айтылган жок. Бул соңку апталардагы парламенттеги алгачкы өзгөрүү эмес.

12-февралда Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кетип, ордуна Марлен Маматалиев шайланган. Андан бери эки депутаттык топтун төрагалары алмашып, үч депутат мандатын тапшырды. Алардын көпчүлүгү 10-февралда кызматтан кеткен Камчыбек Ташиевдин жакын адамдары катары сыпатталып келген.

Жогорку Кеңештин 90 мандаттуу VIII чакырылышы 2025-жылдын декабрь айында ишин баштаган. Парламентте сегиз тармактык комитет, беш депутаттык топ бар.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса