Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27
28

Айрым ашууларда оор жүк ташуучу унаага убактылуу чектөө киргизилди

0

27-февралда Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу ашуусунун 132, 133 жана 136-чакырымдарында кар көчкүнү атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Буга байланыштуу саат 9:00дан тартып Сосновка бекетинен оор жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилди.
Ал эми өлкөнүн башка унаа жолдорунда каттам бар, жол ачык.
Учурда жол тейлөө кызматтары кар тазалоо, жолго кум-шагыл себүү жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана байланыш министрлиги маалымдады.
Оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө 26-февраль күнү аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу Бишкек-Ош жолунун Төө-Ашуу, Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун Долон жана Суусамыр-Талас-Тараз жолундагы Өтмөк ашуусу аркылуу оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө уруксат берилбей жаткан.

Жолчулар жүргүнчүлөргө жана айдоочуларга аба ырайынын шарттарын эске алып, алыскы сапарга чыгууну алдын ала пландоого, унаалардын техникалык абалын текшерип, жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырууда.(ZKo)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса