Гросси: Ирандын өзөктүк объектилери соккуга кабылганы тууралуу маалымат жок
Эл аралык атом энергиясы агенттигинин (МАГАТЭ) башкы жетекчиси Рафаэл Гросси Израил менен АКШ Ирандын өзөктүк объектилерине сокку урганын көрсөткөн "эч кандай белги жоктугун" билдирди.
Бирок азырынча МАГАТЭ Ирандын өзөктүк мекемелеринин өкүлдөрүнө байланыша элек.
"Бизде Бушер атом электр станциясы, Тегеран изилдөө реактору же өзөктүк отун циклине байланышкан башка объектилер зыян тартканы же соккуга кабылганы тууралуу эч кандай маалымат жок", — деди Гросси 1-мартта МАГАТЭнин башкаруучулар кеңешинде жасаган билдирүүсүндө.
"Ирандын өзөктүк жөнгө салуучу органдары менен байланыш түзүү аракеттери уланууда... азырынча жооп боло элек. Бул маанилүү байланыш каналы мүмкүн болушунча тезирээк калыбына келет деп үмүттөнөбүз", - деп кошумчалады ал.
Гросси бардык тараптарды мындан аркы эскалацияны болтурбоо үчүн "максималдуу сабырдуулукка" чакырды.
Буга чейин расмий Тегеран Ирандагы өзөктүк объектке сокку урулганын билдирген. Бул туууралуу Ирандын МАГАТЭдеги туруктуу өкүлү Реза Наджафи журналисттерге айткан. Ал АКШ менен Израил Нетенздеги өзөктүк объектке сокку урганын айтып, чоо-жайын тактаган эмес.
28-февралдан тарта АКШ жана Израил Иран аймагына сокку урууда. Жооп катары Иран Перс булуңундагы өлкөлөрдө жайгашкан америкалык аскер базаларына чабуул коюп жатат.
