Кыргызстандын Коопсуздук кеңеши Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча чукул жыйын өткөрдү
Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу укук коргоо, күч түзүмдөрүнүн жана башка тармактык мекемелердин жетекчилери менен ыкчам кеңешме өткөрдү. Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмү тараткан маалыматка караганда, кеңешмеде мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелери, анын ичинде согуштук аракеттер жүрүп жаткан аймакта калган Кыргызстандын жарандарынын абалы талкууланды. Орозбеков алардын коопсуздугун камсыз кылуу жана мекенге кайтаруу үчүн чукул чараларды көрүү зарылдыгын белгиледи.
Мындан тышкары, кырдаал турукташканга чейин Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга күнү-түнү тынымсыз мониторинг жүргүзүүнү тапшырды.
Тышкы иштер министрлигине (ТИМ) тобокелдик зонасында жүргөн Кыргызстандын жарандарынын абалын жана санын тактоо, ошондой эле аларды коопсуз жерлерге убактылуу жайгаштыруу жана зарыл болгон учурда чыр-чатак аймагынан чукул эвакуациялоо маселелерин иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.
“Биз согуш жүрүп жаткан аймактагы жана аба мейкиндигинин жабылышынан улам аэропорттордо калып калган жарандарыбыздын коопсуздугун камсыз кылышыбыз шарт. Бул биздин түздөн-түз милдетибиз”, - деди Коопсуздук кеңешинин катчысы.
Мунун алдында ТИМ Перс булуңунда 22 миңге жакын кыргызстандык бар экенин билдирди. Бириккен Араб Эмирлигинде жүргөн кыргызстандыктарга коопсуздук чараларын күчөтүп, соңку окуялар боюнча жергиликтүү бийликтин расмий билдирүүлөрүнө жана такталган маалыматтарга гана ишенүүгө чакырды.
Маалыматка караганда, 10 миңге жакын кыргызстандык Бириккен Араб Эмирлигинде жүрөт. Катарда 800дөй, Сауд Арабиясында 5 миңден ашуун жана Израилде 100гө жакын кыргыз жараны бар. Мындан тышкары Кувейт, Бахрейн жана Иорданияда жүргөндөр миңге чукул.
Сауд Арабиясындагы 5 миң киши умра зыяратына баргандар жана миң киши ал жакта туруктуу жашай турганы такталды.
Катарга круиздик саякат менен барган 67 кишинин виза мөөнөтү 7-мартка чейин узартылган. ТИМ кырдаал турукташпаса, аларды Сауд Арабиясына өткөрүп, андан ары Кыргызстанга учуруу пландалып жатканын билдирди.
АКШ менен Израилдин Иранга каршы биргелешкен согуштук операциясы 28-февралда башталган. Иран ага жооп катары Израилди эле эмес, чөлкөмдөгү бир катар өлкөлөрдүн аймактарына абадан чабуул койду.
Бириккен Араб Эмирликтеринин Коргоо министрлиги Ирандын учкучсуз кыргын салуучу учактары Абу-Дабидеги француз аскер-деңиз базасын бутага алганын билдирди. Ирандын ракеталары Араб деңизиндеги америкалык согуштук кемеге сокку урду. Пентагон бул чабуул максатына жетпегенин билдирди.
Бириккен Араб Эмирликтери(БАЭ) эки күн ичинде ирандык 167 ракета асманда жок кылынганын, 35 дрон турак жайларга тийип, үч чет элдик жаран каза тапканын маалымдады. 58 киши ар түркүн жараат алышкан. (КЕ)
