Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Март
2026
1 2 3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

УКМКнын Ош шаардык жана облустук башкармалыгынын башчысы кайра алмашты

0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Ош шаардык жана облустук башкармалыгынын башчысы эки аптага жетпей кайра алмашты. 3-мартта башкармалыкка жаңы дайындалган жетекчи Канат Табалдиев эмгек жамаатына тааныштырылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү маалымат таратты.

37 жаштагы Канат Табалдиев буга чейин Кара-Суу районунун акими болуп иштеген. Ага чейин УКМКда кызмат өтөгөн.

19-февралда эле Ош шаардык жана облустук башкармалыгынын башчысы болуп Жоомарт Токтогулов дайындалып, эмгек жамаатына тааныштырылган. Анын эмне себептен кызматтан алынганы боюнча түшүндүрмө бериле элек.

Президент Садыр Жапаров 10-февралда Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Ошондон кийин УКМКнын бир катар кызматкерлери кармалып, кызматтан алынды.

Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыкты жетектеп келген Элдар Жакыпбеков, УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмүн башкарган Бердибек Боронбаев, Элдар Жакыпбековдун жакын адамы экени айтылып жаткан УКМКнын кызматкери Сыдык Дүйшөмбиев, УКМКнын Өзгөчө маанилүү иштер боюнча 6-башкы башкармалыгынын жетекчиси Тилек Абдыкалыков камакка алынды.

Мындан тышкары Элдар Жакыпбековдун жездеси, Чүй облусунун ШИИБнин кадрлар бөлүмүнүн башчысы Руфат Абдуразаков, жакын достору Балыкчы ИИБнын башчысы Чыңгыз Төкөлдөшев, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам-терөө кызматынын жетекчисинин орун басары Айзатбек Учбаев кызматтан алынганы белгилүү болгон.

Ушул окуялардан кийин учурунда УКМКнын кызматкерлеринен кордук көргөнүн айткандар, бийликке кайрылуу жолдогондор болууда.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса