Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Март
2026
1 2 3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Кызыл Ай коому: Иранда төрт күндө 787 адам каза тапты

0

Ирандын Кызыл Ай уюму 3-мартта Израил жана АКШнын Иранга соккуларынан каза болгондордун саны 787 адамга жеткенин билдирди.

Ислам республикасынын өкмөтүнүн көзөмөлүндө иштеген бул коомдук уюмдун маалыматына ылайык, соккулар өлкө боюнча 153 районго жасалган.

Кызыл Ай курмандыктар санын жарыялаганы менен, кеңири маалымат берген жок.

Бул маалыматты башка көз карандысыз булактардан ырастоо азырынча мүмкүн эмес.

Ирандын бийлиги каза болгондордун 165и Минаб шаарындагы кыздар мектебинин окуучулары экенин билдирген.3-мартта алардын айрымдарынын сөөгү жерге берилди.

Мамлекеттик маалымат каражаттары мектепте каза болгон 57 адамдын тизмесин жарыялады.

АКШ менен Израил бул мектепке сокку урулганынан кабарсыз экенин билдиришти.

Ал эми Иран бийлиги бул окуя үчүн эки өлкөнү жооптуу деп эсептеп, маселени эл аралык укуктук алкакта көтөрөрүн маалымдады.28-февралдан тарта АКШ жана Израил Иран аймагына сокку урууда. Жооп катары Иран Перс булуңундагы өлкөлөрдө жайгашкан америкалык аскер базаларына чабуул коюп жатат.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса