Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Март
2026
1 2 3 4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

CPJ Ирандын абактарындагы журналисттердин коопсуздугуна тынчсыздануусун билдирди

0

Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) Ирандагы түрмөлөрдө кармалып турган журналисттердин коопсуздугуна олуттуу тынчсыздануусун билдирип, расмий Тегеранды аларды дароо жана эч кандай шартсыз бошотууга чакырды.

Уюмдун маалыматына караганда, азыркы учурда кеминде 15 журналист камакта жатат. Алардын арасында ирандык-америкалык журналист Реза Вализаде, жапон журналисти Шинносуке Кавашима, ошондой эле Мохаммад Заре-Фумани бар. Алардын баары Тегерандагы Эвин түрмөсүндө.

Бул түрмө жайгашкан аймактын тургундарына Израилдин армиясы чыгып кетүү тууралуу эскертүү тараткан. Бул жагдай камактагы адамдардын коопсуздугуна байланышкан кооптонууну күчөтүүдө.

Мындан тышкары, CPJ Иранда дээрлик толук интернет өчүрүлүп, байланыш катуу чектелгенин белгиледи. Натыйжада түрмөдөгүлөр үй-бүлөлөрү жана тышкы дүйнө менен байланышсыз калган.

Адам укуктарын коргоо уюмдары жана камактагылардын жакындары Эвин түрмөсүндөгү шарт начар экенин билдиришкин.

Алар тамак-аш тартыш экенин, түрмө кызматкерлери мекемеден чыгып кеткени тууралуу маалымат айтылып жатканын белгилешти.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса