Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Март
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Израил биринчи жолу Ирандын мунай инфратүзүмдөрүнө сокку урду

0

Израилдин аскердик мекемелери Ирандын мунай инфратүзүмдөрүнө биринчи ирет абадан сокку урганын маалымдады. Эл аралык dpa маалымат агенттиги кабарлагандай, ЦАХАЛдын өкүлү 7-мартта Тегеранда мунай сакталган 30дан ашык резервуарга чабуул жасалганын тактаган.

Ислам революциясынын сакчылар корпусу Израилдин аба күчтөрү Тегерандын түштүк бөлүгүндөгу мунай кампасына чабуул жасаганын ырастап, жооп чара катары алар Израилдин мунайды кайра иштетүүчү заводдоруна сокку уруп жатышканын билдирди.

Ирандын Мунай министрлигинин атын атабаган өкүлү ирандык Fars агенттигине Тегерандагы жана анын жанындагы Кередж шаарындагы мунай кампаларына чабуул жасалганын бышыктаган.

ЦАХАЛ 7-марттын кечинде тараткан маалыматта соңку эки күндүн ичинде Ирандын аймагына 300дөн ашык сокку урушканын жана Ливандагы радикалдык “Хезболла” кыймылынын объектилерине 170 сокку урушканын маалымдады.

АКШнын президенти Дональд Трамп 7-мартта Truth Social социалдык түйүнүнө Ислам Республикасына бул күнү “катуу сокку уруларын” жазган эле.

АКШ менен Израилдин Иранга каршы биргелешкен согуштук операциясы 28-февралда башталган. Иран ага жооп катары Израилди эле эмес, чөлкөмдөгү бир катар өлкөлөрдүн аймактарына абадан сокку урган. Аткылоолор эки тараптан тең улам катталууда. (ErN)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса