Катардан чыккан 166 кыргызстандык Сауд Арабиясынан Кыргызстанга учту
Коопсуз коридор аркылуу Катар мамлекетинен Сауд Арабия падышалыгына келген кыргызстандыктар учууга чейинки зарыл болгон бардык жол-жоболордон ийгиликтүү өтүп, Эр-Рияд-Бишкек багыты боюнча атайын авиакаттам менен учуп чыкты. Бул тууралуу 8-мартта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады.
Учактын бортунда Кыргызстандын 166 жараны бар. Министрлик аларды тосуп алуу жана андан аркы жардам көрсөтүү боюнча бардык иш-чараларды толук координациялоону улантууда.
Кошумча маалымат каттам “Манас” эл аралык аэропортуна келгенден кийин берилет.
Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов 7-мартта Фейсбуктагы баракчасында маалымат берип, Катарда круиздик лайнерде калып калган кыргызстандыктар Сауд Арабиясына автобус менен жолго чыгышканын билдирген. Анда 134 кыргызстандык жөнүндө сөз болуп жаткан жана аларды ташыган учак 8-марттын кечинде Бишкекке келип конору айтылган.
Тышкы иштер министрлиги учурда кырдаал курчуп турган Перс булуңунда 22 миңге жакын кыргызстандык бар экенин 2-мартта кабарлаган. Анын ичинен 10 миңге жакын кыргызстандык Бириккен Араб Эмирликтеринде. Катарда 800дөй, Сауд Арабиясында 5 миңден ашуун жана Израилде 100гө жакын кыргыз жараны бар. Мындан тышкары Кувейт, Бахрейн жана Иорданияда жүргөндөр миңге чукул.
Мындан кийин Бириккен Араб Эмирликтеринен эки каттам менен 260 кыргызстандык, Сауд Арабиясынан 210 кыргызстандык Бишкекке жана Ошко жеткирилген. Омандан алгач 160 адам, кийин 85 адам алып келинди.
АКШ менен Израилдин Иранга каршы биргелешкен согуштук операциясы 28-февралда башталган. Иран ага жооп катары Израилди эле эмес, чөлкөмдөгү бир катар өлкөлөрдүн аймактарына абадан сокку уруп жатат. (ErN)
