Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Март
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

"Азаттыктын" каарманы, мугалим Мээрим Токоевага президенттин атынан белек тапшырылды

0

"Азаттыктын" каарманы, Түп районунун Чоң-Тогузбай айылындагы орто мектептин орус тил мугалими болуп иштеген Мээрим Токоевага президенттин атынан баалуу белек берилди.
Аны мамлекет башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагозов мугалимдин үйүнө барып тапшырып кетти. Бул тууралуу “Азаттыкка” Токоева 8-мартта билдирди.
“Жолдун татаалдыгына карабай, окуучуларга билим берип жатканыма президенттин атынан ыраазычылык билдирип, баалуу белек тапшырып кетти. Кубанычтуу кабардан улам дагы эле өзүмө келе албай жатам”, - деди Токоева.

Буга чейин “Азаттык” радиосунун “Данисте” берүүсүндө Мээрим Токоеванын мектепке чейинки түйшүктүү жолу тууралуу тасма тартылган. Анда ээн талаадагы үйүнөн мектепке чейинки 4 чакырым жолду токой аралап, дарыя кечип окуучуларына жеткен мугалимдин жашоосу, жумушу баяндалган.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса