Бахрейндеги мунай заводуна соккудан 32 киши жараат алды
Бахрейндеги Ситра аралынын айланасына 9-марттын таңында Иранга таандык дрон менен урулган соккудан 32 киши жараат алды. Бул тууралуу мамлекеттик BNA агенттиги Саламаттык сактоо министрлигине таянып билдирди.
Маалыматка караганда жараат алгандардын арасында төрт бала, анын ичинде эки айлык ымыркай да бар.
Ситрада мамлекеттик Bapco Energies мунай газ компаниясына караштуу мунай иштетүүчү завод бар. Жергиликтүү медиа каражаттары дрон соккудан кийин ишкананын аймагында өрт тутанганын жазышты.
Bapco Energies компаниясы Ирандын уланып жаткан чабуулунан улам жана мунай заводунун бөлүмдөрүнүн бирине урулган соккуга байланыштуу форс-мажор абалын жарыялады.
6-мартка караган түнү ушул эле мунай заводу дрон чабуулуна кабылган. Анда эч ким жабыркаган эмес жана ишканада жумуш токтогон эмес.
Израил менен АКШ 28-февралда Ирандын аймагына абадан сокку уруп баштаган. Ошол эле күнкү чабуулдардын биринде Ирандын жогорку руханий лидери Али Хаменеи көз жумган. 7-марттын кечинде Израил армиясы Тегерандагы бир нече күйүүчү май сактаган кампага чабуул койгон. Анын ичинде Шахр-э-Рей районундагы мунай заводу бутага алынган.
Иран жооп катары Перс булуңундагы америкалык базаларга жана өнөр-жай инфратүзүмдөрүнө сокку урууну улантып жатат.
