Трамп Австралияны ирандык футболчу аялдарга башпаанек берүүгө чакырды
АКШнын президенти Дональд Трамп Австралия Ирандын футбол боюнча аялдар командасына үйүнө кайтууга жол берип, “чоң гуманитардык ката кетиргенин” билдирди. Ал Австралиянын өкмөт башчысын спортчуларга башпаанек берүүгө чакырды.
Азиянын чемпионаты АКШ менен Израил Ислам жумуриятына биринчи сокку урган күнү башталган. Ирандыктардын командасы алгачкы матчта улуттук гимнди аткарбай, унчукпай турганда аларды “чыккынчылар” деп аташкан. Бирок кийинкилеринде гимнди ырдап, патриоттук ишараттарды жасаганы өздөрү же үй-бүлөлөрү кысымга туш болду деген кооптонууларга жем таштады.
CNN Sports тараткан маалыматка караганда, команданын беш мүчөсү мейманканадан чыгып кетти жана “полициянын коштоосунда коопсуз жерге” жайгашкан.
“Австралия Ирандын футбол боюнча улуттук курамасын өлкөсүнө кайтууга аргасыз кылып, гуманитардык ката кетирди. Иранда алар өлүмгө дуушар болушу мүмкүн. Силер албасаңар, аларды АКШ алууга даяр”, - деп жазды президент Truth Social социалдык тармагына.
Футболчулардын укуктарын коргон FIFPRO глобалдык уюму ирандык команданын коопсуздугуна тынчсыздануусун билдирди.
Рейтер агенттиги жазгандай, Австралиянын Тышкы иштер министрлигинин жооптуу кызмактери ирандык спортчуларга башпаанек берилип же берилбеси тууралуу суроого бул маселе купуя болгондуктан, өкмөт жеке жагдайларга аралаша албасын белгиледи.
