Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Март
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Садыр Жапаров Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды тынч жол менен чечүүгө чакырды

0

Президент Садыр Жапаров тараптарды Жакынкы Чыгышта согуш аракеттерин дароо токтотууга жана кырдаалды тынчтык жолу менен гана чечүү үчүн конструктивдүү диалогго келүүгө чакырды. Бул тууралуу мамлекет башчы 12-мартта Фейсбуктагы расмий баракчасына билдирүү жазды.

“Жакынкы Чыгышта күчөп жаткан чыңалуу жана анын боордош араб өлкөлөрүнө да тийгизип жаткан терс таасири бизди тынчсыздандырууда. Конфликт руханий тазалануунун, кайрымдуулуктун, кечиримдүүлүктүн жана өз ара сый-урматтын айында, ыйык Орозо айында болуп жатканы абдан өкүнүчтүү. Биз аймактагы элдер менен бирге, жай турмушта күн кечирген элдин арасында көптөгөн жарандар курман болуп жаткандыгына байланыштуу алардын жакындары менен туугандарынын орду толгус кайгы-муңун тең бөлүшөбүз. Мындай апаатка алып келген аракеттердин баарын айыптайбыз”, - деп кошумчалады президент.

Садыр Жапаров Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) уставына жана таанылган эл аралык укук принциптерине ылайык, аймактагы кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча дүйнөлүк коомчулуктун күч-аракеттерин бириктирүүнү жактай турганын жазды.

АКШ менен Израил Иранга 28-февралдан бери сокку уруп жатат. Тегеран буга жооп иретинде Израил менен Перс булуңундагы америкалык базаларга жана араб өлкөлөрүнө чабуул коюуда. (BTo)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса