Жогорку Кеңеште иш толугу менен санарип форматка өткөрүлөт
Жогорку Кеңеш кагазсыз иш жүргүзүп, ички иш процесстерин да электрондук системага салуунү көздөөдө. Бул маселе төрага Марлен Маматалиев парламенттин ишмердүүлүгүн санариптештирүү боюнча өткөргөн кеңешмеде талкууланды.
ЖК басма сөз кызматы кабарлагандай, жүргүзүлүп жаткан реформанын алкагында электрондук документ жүгүртүүнүн толук системасы киргизилет. Ага ылайык, келип түшкөн каттарды каттоодон тартып мыйзам долбоорлорун макулдашууга чейинки бардык жол-жоболор корголгон санариптик платформаларда жүргүзүлөт.
Жыйында ошондой эле электрондук ишти толук камсыз кылуу үчүн ички ченемдик-укуктук актыларды да жаңы талаптарга шайкеш келтирүү тапшырмасы берилди.
"Мындан тышкары, комитеттердин жана депутаттык топтордун жыйындарын онлайн форматта өткөрүү тажрыйбасын киргизүү пландалууда. Бул парламенттин ишинин ыкчамдуулугун жогорулатып, мобилдүүлүгүн арттырууга мүмкүндүк берет", - деп билдирди Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы.
Жогорку Кеңешти ишин санарип системага өткөрүү сунушун президент Садыр Жапаров 11-мартта парламентке барганда сүйлөгөн сөзүндө айткан. Мамлекет башчы парламентти кагаз-калем менен камсыздоо үчүн эле жыл сайын бюджеттен эбегейсиз акча сарпталарын билдирген. Садыр Жапаров депутаттарды ноутбук, планшетке өтүүгө чакырып, бул алардын иштөөсүнө да жеңил болорун эскерткен.(ZKo)
