Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Март
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Сот аткаруу кызматынын жетекчи орун басарынын өлүмү иликтенүүдө

0

Бишкекте Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруу кызматынын башчысынын орун басары Кубанычбек Капалов октон каза болгону, ал өз өмүрүнө кол салган болушу мүмкүн экени кабарланды. Маалыматты "Азаттыкка" күч кызматтарындагы булактар ырасташты.
13-мартта саат 23:00 ченде милицияга "Тез жардам" кызматы аркылуу Бишкектин түштүгүндөгү Чоң-Арык айылы тарапта унаада октон каза болгон эркек киши табылганы тууралуу кабар келип түшкөн.

Окуя болгон жерге барган ыкчам-тергөө тобу маркум Сот аткаруу кызматынын башчысынын орун басары Капалов экенин аныктаган.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) басма сөз кызматы 14-мартта тараткан маалыматта айтылгандай, милицияга 102 кызматы аркылуу Бишкектеги Кожомбердиев көчөсүндө унаада эркек киши өзүн атып алганы тууралуу кабар түшкөн.

Окуя болгон жерге Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) ыкчам-тергөө тобу барып, GAC үлгүсүндөгү унаадан 45 жаштагы К.К. аттуу жарандын сөөгүн табышкан. Унаадан 12 мм калибрдеги «Иж-18» үлгүсүндөгү жылмакай ооздуу мылтык, 13 даана ок, бир гильза, эки мобилдик телефон, өлүм алдындагы кат жана башка далил заттар алынган.
Соттук-медициналык кароонун баштапкы маалыматтарына ылайык, ок маркумдун төшүнө тийген. Дагы тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Милиция ошондой эле маркум карыздарына байланыштуу өмүрүн кыйган болушу ытымал деген маалымат бар экенин кошумчалады.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси ("Өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү") менен кылмыш иши козголду. Учурда окуянын чоо-жайы иликтенип жатат.(ZKo)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса