Ирандагы согуш башталганына эки жумадан ашты. АКШ менен Израил күн сайын ар түркүн объектилерге аба чабуулун күчөтүүдө. Иран өз кезегинде Израилди жана америкалык аскердик базалар жайгашкан араб мамлекеттерин бутага алууда. Алар азырынча коргонуу менен чектелип, согушка аралашып кетиши арсар.