Орозо айт күнү коомдук тартипке 10 миңдей милиционер көз салат
Кыргызстанда Орозо айт күнү коомдук тартипти көзөмөлдөөго 10 миңден ашуун милиционер тартылат. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) 17-мартта маалымдады.
Министрлик жарандарды коомдук тартипти сактоого, бири-бирине урмат-сый мамиле кылууга жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткарууга чакырды.
Быйылкы Ороз айт майрамы 20-мартка белгиленген. Бул күнү Айт намаздары мечиттерде гана өткөрүлөрү эскертилген.
Орозо айы быйыл 19-февралда башталган.
Кыргызстанда соңку жылдары коопсуздуктан улам Орозо жана Курман айт намазы мечиттерде гана окулуп жатат.
Бир канча жылдары Орозо айт жана Курман айт намазы Бишкектин эски аянтында, облус борборлорундагы аянттарда окулуп, ага он миңдеген киши катышып келген.2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам намаз мечиттерде гана аралык сактап окулган.(ZKo)
