Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Март
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Мэр Жунушалиев Салымбековго "Дордойдун" тегерегиндеги жолдорду оңдоо керек экенин айтты

0

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев 17-мартта ишкер жаан коомдук ишмер Аскар Салымбеков менен жолугуп, "Дордой" базарынын инфратүзүмүн жакшыртуу маселесин талкуулады. Калаа башчысы шаардыктар үчүн базарга кирип-чыгуу кыйынчылык жаратып, тыгын пайда болуп жатканын айтты.

Жунушалиев ишкерликке каршы эмес экенин белгилеп, базардын тегерегиндеги жолдорду оңдоону тездетүү зарылдыгын айтты.

"Мен ал жакка бир эмес төрт жолу бардым. Бул жерде тыгын болуп, машиналар кире албай же чыга албай жатпайбы. Соодагерлерге шарт түздүңөр, эл кантип кирип-чыгат? Биз шарт түзүп бере албай жатпайлыбы. Бул базардыкы эмес да, жер муниципалдык жол. 35 жылдык тарыхыңыз бар, эми оңдоп коюңуз", - деди мэр.

"Дордой" ассоциациясынын башчысы Салымбеков тендер жарыяланганын, оңдоо иштери 1-апрелде башталарын билдирди.

Ошондой эле Жунушалиев тийиштүү мекеменин жетекчилерине базардагы унаа токтотуучу жайларды муниципалитетке алуу тапшырмасын берди.
2023-жылы ноябрь айынын аягы, декабрь айынын башында Кыргызстандагы бир нече ири базардын соодагерлери Көзөмөл-кассалык машинаны (ККМ) колдонууга каршы бир нече жолу митингге чыгышкан.

Бул окуялардан кийин УКМКнын ошол кездеги башчысы Камчыбек Ташиев “базарлардын ээлери соодагерлерге шарт түзбөсө, ижара акысын төмөндөтпөсө, базарларды мамлекетке өткөрүүгө саясий эрк жетиштүү” экенин билдирген.

Аскар Салымбеков Жогорку Кеңештин депутаты, Бишкек шаарынын мэри болгон. Ал “Эмгек” саясий партиясын түптөп, 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясы менен бирге парламенттик шайлоого катышып, босого чектен өтпөй калган. (КЕ)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса