Израил Ирандын коопсуздук кеңешинин төрагасы Ларижани каза болгонун кабарлады
Израилдин коргоо министри Исраэл Кац Ирандын коопсуздук боюнча жогорку өкүлү Али Ларижани Тегеранга жасалган аба соккусунун натыйжасында каза болгонун билдирди.
Бирок бул маалыматты бышыктаган далилдер келтирилген жок.
Иран тарап бул маалыматты четке каккандай болду. Алар Ларижанинин 17-мартта жазган делген катын көрсөтүштү. Каттын сүрөтү анын X социалдык тармагындагы баракчасына да жарыяланды.
Буга чейин Израил армиясы (IDF) Тегеранга 16-мартта жасалган ошол эле аба соккулардан Ирандын «Басиж» аскерлештирилген түзүмүнүн командачысы Голамреза Солеймани да өлтүрүлгөнүн билдирген.
«Кечээ IDF акыркы алты жыл ичинде “Басиж” бөлүгүнүн командачысы болуп келген Голамреза Солейманини бутага алып, жок кылды», — деп айтылды 17-мартта жасалган билдирүүдө.
Бул маалыматты азырынча Иран бийлиги ырастай да, четке да кага элек.
2025-жылдын август айында Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Ларижанини Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы жана өлкөнүн жогорку лидеринин кеңештеги өкүлү кылып дайындаган.
Ирандагы маалымат каражаттары аны ошондой эле Али Хаменеинин кеңешчиси катары да атап келишкен.
Ал Иран парламентин (Мажлис) 12 жыл, 2008-жылдын май айынан 2020-жылдын май айына чейин жетектеген.
Парламенттин спикери болгонго чейин Ларижани 2005–2007-жылдары Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүү делегациясын жетектеген.
