Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Март
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Өзбекстанда майрамдарды утурлай түрмөдөгү 400дөй адамга ырайым берилди

0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Нооруз жана Орозо айт майрамдарын утурлай 392 соттолгон адамга ырайым берүү тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 223 адам негизги жазадан толук бошотулган. Дагы 82 адам шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгарылса, 34 адамдын эркинен ажыратуу жазасы жеңилирээк жазага алмаштырылган. Ал эми 53 адамдын жаза мөөнөтү кыскартылган.

Ырайым берилгендердин арасында 3 чет өлкөлүк жаран, 26 аял бар. Ошондой эле мурда тыюу салынган уюмдардын ишмердүүлүгүнө катышкан 24 адам да бул тизмеге кирген.

Мындан мурун ырайым берүү тууралуу жарлык 2025-жылдын август айында кабыл алынган. Анда өлкөнүн көз карандысыздыгынын 34 жылдыгына карата 523 адамга ырайым берилген.

Расмий маалыматта белгиленгендей, мунапыска илинген адамдар «кылган ишине чын дилден өкүнүп, оң жолго түшкөн» деп эсептелет.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса