Электр энергиясына киргизилген чектөө 1-апрелде алынат
Күз-кыш мезгилинин аяктагандыгына байланыштуу 1-апрелден тарта калк үчүн электр энергиясынын кубаттуулугуна киргизилген чектөө толугу менен алынат. Бул тууралуу 24-мартта Энергетика министрлиги кабарлады.
Былтыр ноябрдын башынан тартып Кыргызстанда калк үчүн электр энергиясынын кубаттуулугуна чектөө киргизилген. Күнүнө эки ирет: эртең мененки жана кечки убактарда бир нече саат бою электр кубатын берүү чектелген. "Акылдуу эсептегичтерде" эртең мененки жана кечки убактарда 5 кВт кубаттуулук 3 кВт чейин түшүрүлгөн.
6-ноябрда электр энергиясын сарамжал пайдалануу чарасы мамлекеттик мекемелерге да киргизилген. Ага ылайык, бул мекемелер саат 18:00дөн 06:00 аралыгында жарыкты жана электр шаймандарын иштетүүнү чектеген.
Министрликтин маалыматына караганда, Кыргызстанда электр энергиясын 1,6 миллиондон ашык абонент колдонот. Анын 1,5 миллиону катардагы калк болсо, калганы өндүрүштүк, бюджеттик жана башка категориядагы керектөөчүлөр. (КЕ)
