Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Март
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24
25
26
27
28
29
30
31

Бишкекте Орусияга жумушка мыйзамсыз жиберген топтун ишине бөгөт коюлду

0

Кыргызстандыктарды Орусиядагы жумуштарга орноштуруу менен мыйзамсыз алектенген топтун ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.

Министрликтин алдындагы Жарандарды чет өлкөлөргө жумушка орноштуруу борбору Ички иштер министрлиги (ИИМ) менен чогуу атайын рейд учурунда Бишкектеги жаңы конуштардын биринен кыргызстандык жарандарды Орусияга ишке мыйзамсыз жиберип жүргөн деп шектелген адамдар аныкталган. Алардын эч кандай уруксат кагаздары болгон эмес.

Факт боюнча Бузуулар кодексинин 95-беренеси ("Жарандарды ишке орноштуруу боюнча мыйзамсыз иш") менен административдик протокол түзүлгөн.
Кыргызстандык жарандарды чет өлкөлөргө жумушка орноштурууга лицензияны Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөлөргө жумушка орноштуруу борбору берет.

Былтыр кыргызстандыктарды иш менен камсыз кылган менчик агенттиктер 17 167 жаранды жумушка орноштурган. Алардын 6 597си аялдар.

2025-жылы сыртка миграцияга кеткендердин көбү Улуу Британия, Түркия, Германия, Болгарияны тандаган. Бул өлкөлөргө 17 миң мигранттын 60% кеткен. Борборго кайрылгандардын 1463ү гана Орусияны тандаган. (ZKo)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса