Баткенде Миң-Өрүк-Самаркандек эстакадалык жолунун курулушу башталды. Бул жол Тажикстандын Чорку айылынын четинен 16 метр бийиктикте өтөт. Чек ара маселесинен улам жергиликтүү эл Чоркуну айланган жол аркылуу карым-катнаш кылып келишкен. Эми жол 15 чакырымга кыскармакчы.