Улуттук банктын мурдагы төрагасы Мелис Тургунбаев кармалганы кабарланды. Ички иштер министрлиги бул тууралуу расмий маалымат бере элек. Буга удаа эле Жогорку Кеңештин экс-депутаты Шаирбек Ташиев Ички иштер министрлигинде дагы бир жолу сурак берип чыкканы белгилүү болду.Ташиевдин тарапташтары ал “Кыргызнефтегаз” иши боюнча күбө катары суралып жатканын айтышууда. “Кыргызнефтегазга” байланыштуу иштин саясий өңүтү кандай?