Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Март
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27
28
29
30
31

Кемпир-Абад иши: Прокурор ишти кайра кароого жөнөтүүнү өтүндү

0

Бишкек шаардык сотунда 27-мартта Кемпир-Абад иши боюнча отурум өтүп жатат. Анда прокурорлор ишти кайра кароо үчүн биринчи инстанцияга жөнөтүнүү өтүнгөнүн айыпталуучулардын бири Перизат Суранова Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Ошондой эле тараптар жарыш сөзгө чыкты. Ишти соттук коллегия карап жатат. Коллегиялык соттун төрагасы Адис Момуналиев, судьялар Сүйүнбек Бекташов жана Нурлан Эсенбаев.

25-марттагы соттук отурумда бул иш боюнча акталган ондон ашык саясатчы, активист жана укук коргоочу суралган. Бүгүн чечим чыгышы мүмкүн экени айтылууда.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочу 2022-жылы октябрда камалган. Алардын айрымдарынын иши өзүнчө бөлүнүп алынган.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы бул ишке “жашыруун” грифин койгон.
2024-жылдын 14-июнунда Бишкектин Биринчи май райондук соту айыпталгандардын баарын актаган. Эртеси күнү 15-июнда президент Садыр Жапаров сот чечимине комментарий берип, “эгер мен сот болсом, бул иштин уюштуруучуларына кандайдыр бир жаза берет элем, жок дегенде айып пул же пробация” деген.

Айыпталуучулардын баары коюлган айыпты мойнуна алган эмес.
Биринчи май райондук сотундагы актоо өкүмүнөн кийин прокуратуранын апелляциялык арызынын негизинде иш кайра Бишкек шаардык сотуна жөнөтүлгөн, процесс соңку 1 жыл 8 айдан бери уланууда.(KЕ)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса