Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Март
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28
29
30
31

Министрлик быйыл балдар 1-класска гана кабыл алынарын билдирди

0

Быйыл Кыргызстанда мектеп босогосун аттай турган балдар 1-класска гана кабыл алынат. Бул тууралуу агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова 27-мартта маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, былтыр билим берүү системасын трансформациялоого байланыштуу балдар төрөлгөн жылына карап 1-2-класска кабыл алынган.

"12 жылдык окуу системасына өтүп жатканыбызга байланыштуу бир жолу гана балдарды дароо 1-2-класска кабыл алдык. Быйыл андай муктаждык жок. Мындан ары мурдагыдай эле балдарды 1-класска эле кабыл алабыз", - деди министрдин орун басары.

Агартуу министрлиги 25-мартта бекиткен жобого ылайык, быйылкы окуу жылында 1-класска 2019-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин, 2020-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин туулган балдар кабыл алынат.

Сегиз жаштан улуу, ошондой эле өздүгүн тастыктаган документи же ата-энеси (мыйзамдуу өкүлү) жок балдар мектепке Балдар маселеси боюнча комиссиянын чечими менен кабыл алынат.

Баланы 1-класска мектепке кабыл алуу анын ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлүнүн) арызынын негизинде "Электрондук жазуу" кызматы же 1mektep.edu.gov.kg платформасы, ошондой эле “Түндүк” жана башка мобилдик тиркемелер аркылуу өлкөнүн бардык аймактарында, эки баскычта жүргүзүлөт.

-биринчи баскычта балдар мектепке туруктуу катталган жери боюнча алынат.
- экинчи баскычта жашаган аймакта бош орун бар мектептерге кабыл алынат.

Биринчи баскыч 1-апрелде башталат. Экинчи баскыч 1-июндан тартып жүрөт.

Бала 1-класска кабыл алынган кезде мектеп анын билимин текшерүүгө укугу жок. Баланын билимин аныктоочу тест, сынак, аңгемелешүү ж.б. жүргүзүүгө тыюу салынат.
Ата-энерер mektep.edu.gov.kg сайтынын иши айрым учурларда үзгүлттүккө учурап каларын айтып арызданып келишет.
Былтыр 12 жылдык билим берүү сисетамасына байланыштуу айрым балдар туулган жылына карап дароо эле 2-класска отурган.
Кыргызстанда 2,5 миңдей мектеп бар. Анда 80 миңден ашык мугалим иштейт, 1 миллиондон ашуун бала окуйт. (КЕ)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса