Ташиевдин уулу президентке кайрылган ишкер Абдыкеримовдун айыптоосун четке какты
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев "Аю холдинг" компаниясынын негиздөөчүсү, ишкер Шаршенбек Абдыкеримовго 28-мартта Фейсбук аркылуу жооп берип, анын айткандарын четке какты.
Ташиев Абдыкеримовдун 28-марттагы президентке кайрылуусун "биздин үй-бүлөгө карата жалган жалаа жабуу, каралоо аракеттеринин уландысы" деп сыпаттады.
"Ишкер Шаршенбек Абдыкеримов “Томми молл” соода борборун менин апамдын жакындарына өтүп кеткен…” деген негизде президент Садыр Жапаровго кайрылыптыр. Мен баса белгилеп айтар элем, бул маалымат карандай калп! Мамлекетке кайтарылган бир дагы объект, ал эмес бир топчу дагы биздин үй-бүлөгө өткөн эмес! Муну Абдыкеримов дагы, жана башка бардык ошол сыяктуу мүлкү мамлекетке кайтарылган ишкерлер, адамдар, коомчулук баары так билиши керек", - деп жазды Таймурас Ташиев.
Ал ошондой эле шек саноо жана ишенбөөчүлүк болбосу үчүн тийиштүү комиссия түзүп, бардык кайтарылган мүлк боюнча дыкат текшерип чыгууну сунуштады.
"Андай текшерүү - бүгүн абдан караланып, куру дооматтар айтылып жаткан биздин үй-бүлөбүз үчүн да чоң мааниге ээ. Ошондо мамлекетке кайсыл мүлктөр өткөн, канча баага кайра кимдерге сатылган же кимдерге өткөнүн элибиз да так билмек", - деди Ташиевдин уулу.
"Аю холдинг" компаниясынын негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов 28-мартта президент Садыр Жапаровго мамлекетке өткөрүлгөнү айтылган эки ири соода борбору - "Аю Гранд Комфорт" жана "Томми молл" боюнча кайрылуу жасаган.
Ал "Томми молл" соода борбору өтө төмөн баада - үч-төрт бөлмөлүү батирдин наркында бааланып, жыйынтыгында УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиевдин жубайынын айланасындагы адамдарга өтүп кеткенин билдирген. Президенттен аталган объект боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга ар тараптуу, калыс жана ачык-айкын иликтеп, укуктук баа берүүнү тапшыруусун өтүнүп, кандай гана чечим болбосун, кабыл алууга даяр экенин жазган.
УКМК былтыр сентябрда Абдыкеримовго таандык жалпы баасы 10 млрд сомдон ашык бир катар ири соода-оюн-зоок борборлору жана өнөр жай объектилери мамлекетке алынганын билдирген. Атайын кызмат “Аю Холдинг” узак убакыт бою милдеттүү салыктарды, социалдык жана башка төлөмдөрдү төлөөдөн качып, мүлкүнүн бир бөлүгүн өзүнө байланышы бар жактарга каттатып, мыйзамсыз кирешени адалдоо үчүн мамлекеттик органдарга жасалма финансылык отчетторду тапшырып турганы аныкталганын кабарлаган. Өткөрүлгөн мүлктүн арасында Бишкек шаарынын Токтогул №126 дарегинде жайгашкан коммерциялык имарат бар. Анын баасы 95 млн сомдон ашык деп бааланган. 4 млрд сомдон көп акчага бааланган “Аю Гранд” соода борбору да мамлекетке алынган. Ысык-Көлдөгү коттеждер жана бир катар имараттар да болгон.
Президент Садыр Жапаров 2023-жылы “Аю” компаниясынын спирт жана арак заводу мамлекетке өтүп жатканын маалымдаган. Президент ишкана мамлекетке салыкты толук төлөбөй, жасалма акциздер менен иштеп келгенин айткан.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев ошол кезде ишкана өз ыктыяры менен мамлекетке өткөрүлгөнүн айткан. Андан бери УКМК “Аюнун” бир нече мүлкү өкмөткө кайтарылганын кабарлаган.
"Томми молл" соода борбору Бишкектин түштүк тарабында, Түштүк магистралдын боюнда жайгашкан үч кабаттан турган имарат. Ал 2021-жылы ачылган. Ичинде түрдүү дүкөндөр, кеңселер, балдар ойной турган аянтчалар, тамактануу жайлары жайгашкан.
Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов Фейсбуктагы баракчасына бир аптадан бери ачык билдирүүлөрдү жарыялай баштады. Буга чейин коомчулукка дээрлик жабык болгон, бир канча жылдан бери сыртта жүргөн, эл арасында "Шаки" деген кыска ат менен таанылган ишкер анда өзүнүн башынан өткөргөн негизги саясий окуяларды, бизнесинен кантип кол жууганын тизмектеп жазган. Ал УКМКнын Бишкек башкармалыгынын мурдагы жетекчиси, учурда камакта отурган Элдар Жакыпбековду айыптаган. Абдыкеримов ошондой эле бир катар саясатчылар тууралуу да сөз кылган. (ZKo)
