Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Март
2026

Аш-Шараа Иранды айыптады, ал-Сиси Трампты согушту токтотууга чакырды

0

Сириянын президенти Ахмед аш-Шараа Ирандын Перс булуңундагы өлкөлөргө сокку урганын айыптады.

Мамлекет башчы катары алгачкы жолу Германияга визит жасаган аш-Шараа араб мамлекеттери “согушту каалабаганын”, бирок Иран аларга чабуул койгонун белгиледи.

Анын айтымында, бир айдан бери уланып келаткан уруш глобалдык энергетика чынжырына “чоң коркунуч жаратууда”.

Аш-Шараа жаңжалдашкан тараптар мүмкүн болушуча тезирек мунаса табууга тийиш деп билдирди.

Ал ортодо Египеттин президенти Абдел Фаттах ал-Сиси АКШнын мамлекет башчысы Дональд Трампты согушту токтотууга чакырды. Египеттеги Энергетика көргөзмөсүндө сүйлөгөн кезинде ал Трампка кайрылып “Перс булуңундагы урушту токтотуу анын гана колунан келерин” айтты.

Египет, Пакистан, Сауд Арабия жана Түркиянын тышкы иштер министрлери өткөн аптанын соңунда Исламабаддагы кездешүүдө АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушуна чекит коюу жолдорун талкуулашкан. Бирок анын жыйынтыгы бүдөмүк калууда.

Буга чейин Египеттин тышкы иштер министри Бадр Абдел Ати америкалык мамлекеттик катчы Марко Рубио менен сүйлөшкөндө аймактагы жаңжалды дипломатиялык жол менен чечүүгө үндөгөн.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса