Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2026
1 2 3 4 5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30

Кыргызстан менен Жапония жер титирөө учурундагы эскертүү системасын талкуулады

0

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Хирано Рюити менен жолугушуп, табигый кырсыктарды алдын алуу, тобокелдикти азайтуу маселесин талкуулады. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда жер титирөө өңдүү табигый кырсыктар учурунда калкка эртерээк маалымат жеткирүү үчүн эскертүү системасын өнүктүрүү маселеси талкууланды.

Өз кезегинде Жапония бул демилгени колдоого жана аны биргелешип ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.

Сейсмология институтунун расмий сайтында күн сайын өлкө аймагында жер силкинүү тууралуу маалыматтар жаңыртылып, жарыяланып турат. Андагы маалыматтарга караганда, Кыргызстанда дээрлик күн алыс эле жер силкинет.

Буга чейин Улуттук илимдер академиясынын президенти Канат Абдрахматов Кыргызстанда жыл сайын 9200дөй майда жер титирөө катталарын айткан. Бул көрсөткүчтүн эң жогорку деңгээли 2016-жылы катталган, анда 16 миң жер титирөө болгонун адистер эсептеп чыгышкан.

Жапония дүйнөдөгү сейсмикалык активдүү өлкөлөрдүн бири. Өлкөдө жыл сайын болжол менен 1500 жер титирөө катталат. (КЕ)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса