Бишкекте эки баласы менен терезеден кулаган аялдын окуясы боюнча кылмыш иши козголду
4-апрелде кечке жуук Бишкек шаарындагы Жал кичи районунда көп кабаттуу үйдөн эки баласы менен кулап кеткен аялдын окуясы иликтенип жатат. Бул тууралуу Бишкектин шаардык милициясы билдирди.
Ошол күнү саат 18:11де милицияга кабар түшүп, 2021-жылы туулган Ж.А. жандандыруу бөлүмүнө жеткирилгени маалымдалган.
Териштирүүнүн жүрүшүндө көп кабаттуу үйдүн 6-кабатындагы батирден 27 жаштагы келин 2021 жана 2025-жылы туулган эки баласы менен кулап кеткени аныкталган. Апасы менен кичүү баласы ошол жерде үзүлгөн.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси (“Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү”) менен кылмыш иши козголуп, 1992-жылы туулган М.А. аттуу жаран кылмышка шектелип кармалды.
Кыргызстанда 2025-жылдын 11 айында (январь айынан ноябрга чейин) ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 19 миң 995 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2024-жылдын алгачкы 11 айына салыштырганда (2024-жыл 15 миң 675 факты катталган) 27,5% же 4320 фактыга көп.
