Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2026
1 2 3 4 5 6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30

Ирандын чалгын кызматынын башчысы Хадеми аба соккудан набыт болду

0

Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун чалгын кызматынын башчысы, бригадалык генерал Мажид Хадеми 6-апрелдин таңында жасалган чабуулдун натыйжасында набыт болду. Бул тууралуу «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун иран кызматы корпус тараткан билдирүүгө таянып кабарлады.

Генералдын өлүмүнүн жагдайлары боюнча кеңири маалымат берилген жок. Таратылган маалыматта Хадеми «дээрлик жарым кылым бою чалгын жана коопсуздук тармагында чын дилден жана кайраттуулук менен кызмат кылганын» белгиленген.

Израилдин коргоо министри Исраэл Кац да Хадеминин өлүмү тууралуу кабарды ырастап, израилдик аскерлер «террорчулардын лидерлерин жок кылып жатканын» айтты.

Мажид Хадеми Ислам революциясынын сакчылар корпусунун чалгын кызматынын башчысы болуп 2025-жылдын июнь айында дайындалган.

Быйыл жыл башында АКШнын Каржы министрлиги Мажид Хадемиге каршы санкция киргизип, ал жетектеген чалгын кызматы «нааразылык акцияларын басуу максатында жапырт зомбулук, негизсиз кармоолор жана коркутууларды камтыган улуттук кампанияны колдогон» деп билдирген.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса