Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2026
1 2 3 4 5 6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30

Нарын дарыясына дагы бир бала түшүп кетти

0

Нарын дарыясына түшүп кеткен беш жаштагы баланы издөөгө кошумча күчтөр тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 6-апрелде кабарлады.

Маалыматка караганда, Нарын шаарындагы Ленин жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде 5 жаштагы О.А.О. аттуу бала Нарын дарыясына түшүп кеткени тууралуу маалымат 5-апрель күнү түшкөн.

Учурда баланы 96 киши издеп жатат. Издөө-куткаруу иштери бир кайыктын жана бир дрондун жардамы менен жүргүзүлүүдө.

Ушул эле күнү ӨКМ Аксы районундагы Үч-Коргон айыл аймагынын Кум айылында сегиз жаштагы К.И. аттуу бала Нарын дарыясына түшүп кеткенин, аймактык башкармалык аны издөө иштерин жүргүзүү үчүн сууну азайтууну “Үч-Коргон ГЭСи” менен макулдашканын билдирген.

Дарыядагы суу 6-апрель күнү саат 08:00ден тарта азайтылып, саат 10:00го деңгээли нормадан болжолдуу 2–2,5 метрге төмөндөдү. Сууну азайтуу иштери саат 14:00гө чейин улантылат.

6-апрель күнү издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМдин жергиликтүү бөлүмүнөн 16 куткаруучу, 1 дрон жана 3 кайык тартылды. Мындан тышкары ыктыярчылар жана милиция кызматкерлеринен жалпы 70тей адам көмөктөшүүдө.

Нарын дарыясына кичине балдар түшүп кетип, табылбай же сөөгү табылган учурлар буга чейин да катталган. ӨКМ жарандарды балдарына сак болууга, дарыянын суусуна түшүү болбой турганын эскертип келет.(КЕ)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса