Бишкекте бир катар көчөлөрдүн аталыштары алмашты
Бишкек шаардык кеңешинин чечими менен борбор калаадагы 18 көчөнүн аталышы алмашты. Маалыматка ылайык, долбоорду мэрия былтыр иштеп чыгып, сунуштаган. Ага ылайык, бир нече аталышты алып жүргөн көчөлөргө бир гана аталыш берилди, кээ бир көчөлөрдүн мурунку аталыштары башка көчөлөргө ыйгарылды.
Көчөлөрдүн аталыштарын алмаштыруу зарылчылыгы административдик-аймактык реформа жүргүзүүдө жаралганы кабарланды.
Бишкек шаар кеңешинин чечимине ылайык:
-Бишкектин батыш жана чыгыш бөлүгүн түз байланыштырган узун көчө - Фрунзе (Новопавловка айылы), Ден Сяопин, Чүй жана Шабдан баатыр проспектилери башынан аягына чейин Чүй проспекти деп;
- Лев Толстой жана Путеводная деген аталыштардан турган көчө - Шабдан баатыр;
- 7-апрель/Курманжан датка көчөсү - Курманжан датка;
- Түштүк магистрал (Аалы Токомбаев, Абсамат Масалиев, Жайыл баатыр көчөлөрү) - Аалы Токомбаев проспекти;
- Чыңгыз Айтматов/Манас чоң көчөсү - Чыңгыз Айтматов проспекти;
- Фучик/Васильев тракты - Манас көчөсү;
- Жибек Жолу/Победа проспекти - Жибек Жолу;
- Жаш Гвардия/Махатма Ганди - Айдарбеков көчөсү;
- Кривоносов/Чортеков деген аталыштардагы көчө Масалиев көчөсү;
- Горький/Анкара - Анкара;
- Абдрахманов/Байтик баатыр/Элебесов - Абдрахманов;
- Селекционный/Муромский - Махатма Ганди;
- Иманкулов/Тыналиев - Тыналиев;
- Береговой/Окраинный/Көк-Сай/Курманалиев/Набережный — Дэн Сяопин;
- Раззакова (Новопавловка)/Темирова - Чортеков;
- Виноградный - Толстой;
- Гоголь (Новопавловка) - Иманкулов;
- Ленск/Юбилейный - Жайыл баатыр көчөсү деп өзгөртүлдү.
Шаардык кеңештин чечиминен кийин, бул аталыштар бекитилип, аларды өзгөртүүгө 20 жылга мораторий салынары кабарланды.
Бир бүтүн көчөнүн улам бир бөлүгү ар башка аталган жагдай айрыкча такси, тез жардам кызматына, товар жеткирүүдө көйгөй жаратып жатканы буга чейин көп эле айтылып келген.
Борбор калаада көчөлөрдүн жана кыска көчөлөрдүн болжол менен 1600дөй аталышы бар экени кабарланган. Жаңы конуштардын айрымдарында аталыш ыйгарыла элек көчөлөр да бар. (ZKo)
