Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2026
1 2 3 4 5 6 7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30

Бишкекте француз тилиндеги тасмалардын фестивалы башталууда

0

Бишкекте бүгүн 7-апрелден тартып 10-апрелге чейин француз тилиндеги тасмалардын фестивалы өтөт. Бул тууралуу "Азаттыкка" Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашты.

Жыл сайын өткөрүлүүчү "Франкофония Жазынын" алкагындагы бул маданий иш-чараны Бишкектеги Француз альянсы, Франциянын жана Швейцариянын элчиликтери, Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, Бельгиянын жана Румыниянын Казакстандагы элчиликтери, ошондой эле 20га жакын жергиликтүү өнөктөш Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен уюштурууда.

Француз тилинин жана франкофондук маданияттардын көп түрдүүлүгүнө жана чыгармачылыгына арналган майрам учурунда күн сайын саат 18:00дө "Ала-Тоо" кинотеатрында Франциянын, Бельгиянын жана Румыниянын тасмалары акысыз көрсөтүлүп турат.

7-апрелде фестиваль швейцариялык “Бон шуур Тичино” («Bon Shuur Ticino») комедиясы менен ачылат. Тасма француз, немис, италия тилдеринде көрсөтүлүп, кыргыз, орус жана англис тилдериндеги субтитрлер менен коштолот.

Француз тили дүйнөдө эң көп колдонулган тил катары бешинчи орунду, Интернетте эң көп колдонулган тил катары төртүнчү орунду ээлейт жана мааниси боюнча үчүнчү ишкер тили болуп саналат. Бул тилде беш континентте 330 миллиондон ашык адам сүйлөйт. Француз тили ошондой эле дипломатиянын маанилүү тили катары таанылган. Эл аралык Франкофония уюмуна 88 өлкө кирет, 29 өлкөдө француз тили расмий макамга ээ. (RK)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса