Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2026
1 2 3 4 5 6 7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30

Кыргызстан жөнөткөн гуманитардык жардам Иранга жетти

0

Кыргызстан жөнөткөн гуманитардык жардам Түркмөнстан менен Ирандын чектешкен аймагына жакын Серахс шаарына жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 7-апрелде кабарлады.

ӨКМ гуманитардык жүк дарегине жетип, түшүрүлгөнүн билдирди.

66 тонна азык-түлүк, 63 тонна дары-дармектен турган гуманитардык жардам жүктөлгөн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 7 унаасы 3-апрелде Кыргызстандан сапар алышкан.

Буга чейин расмий Бишкек Жакынкы Чыгышта чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, ок атышууну токтотуп, жаңжалды эл аралык укуктун талаптарына жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Уставына ылайык тынчтык жолу менен жөнгө салууга чакырган.

АКШ менен Израилдин Иранга каршы биргелешкен согуштук операциясы 28-февралда башталган. Иран ага жооп катары Израилди эле эмес, чөлкөмдөгү бир катар өлкөлөрдүн аймагына абадан сокку уруп жатат. (КЕ)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса