Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2026
1 2 3 4 5 6 7 8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30

Башкы прокуратура: Былтыр үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 656 кылмыш иши козголду

0

Кыргызстанда 2025-жылы үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 656 кылмыш иши козголду. Мында 458 аял, 104 бала жана 94 эркек киши жабыркаган. Бул тууралуу башкы прокурор Максат Асаналиев парламенттин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин 7-апрелдеги жыйынында билдирди.
Асаналиев үй-бүлөлүк зомбулукка жол бергендерге жоопкерчиликти күчөткөн мыйзамдар кабыл алынганына карабай бул коомдогу эң курч маселелердин бири бойдон калып жатканын белгиледи.

Башкы прокурордун айтымында, былтыр Кылмыш-жаза коедксинин 177-беренеси ("Үй-бүлөлүк зомбулук") боюнча 36 кылмыш иши козголгон. Жалпысынан бул багыттагы укук бузууларга байланыштуу 6 миңден ашуун протокол түзүлүп, зарыл чаралар көрүлгөн.

Үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алууга багытталган мыйзамдардын аткарылышына байланыштуу текшерүүнүн жыйынтыгында 363 мыйзам бузуу аныкталып, 153 кызматкер тартип жоопкерчилигине тартылган.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2025-жылдын 11 айында (январдан ноябрга чейин) өлкөдө 19 миң 995 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2024-жылдын алгачкы 11 айына салыштырганда (15 миң 675 факт) 27,5% же 4320 фактыга көп.

Милиция 5-апрелде Бишкектин Жал кичи районунда эки баласы менен алтынчы кабаттан кулаган келиндин өлүмүнө байланыштуу маркумдун күйөөсү, 1992-жылы туулган М.А. аттуу жаранды кармаган. Келин жана кичүү баласы ошол жерден жан бергени, төрт жашар кызы ооруканага жеткирилгени маалымдалган. Бишкектин Ленин райондук соту келиндин күйөөсүн 4-июнга чейин камакка алды. Милиция окуяга байланыштуу кылмыш ишин адамды өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү деген негизде козгогон.

Маркумдун жакындары мурда үй-бүлөдө чыр-чатак болуп келгенин айтса, шектүүнүн туугандары муну четке кагууда. (КЕ)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса