Аламүдүн райондук сотунун судьясы коррупцияга шектелип кармалды
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) сот системасындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу максатында жүргүзүп жаткан иш-чаралардын алкагында Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунда коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Аламүдүн райондук сотунун судьясы Ш.Б.Ж эркинен ажыратуу менен байланышпаган сот чечимин чыгарууга көмөк көрсөтүүнү убада кылып Т.М.Т. аттуу жарандан 26 миң АКШ долларын алган. Бирок маселени анын пайдасына чечип бере алган эмес.
"Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө мурда алынган акча каражаттарынын бир бөлүгүн — 85 миң сомду кайтарып берип жаткан учурда Аламүдүн райондук сотунун судьясы Ш.Б.Ж. кылмыш үстүндө кармалды", - деп билдирди атайын кызмат.
Шектүүнү кылмыш жоопкерчилигине тартууга Соттор кеңеши 3-апрелде макулдук берди.
6-апрель күнү шектүү Ш.Б.Ж. сот чечими менен УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
УКМК ушул эле кылмыш ишинин алкагында Чүй облустук сотунун А.Ж.Б. аттуу улук катчысы да коррупцияга шектелип кармалганын 25-мартта маалымдаган. Анда шектүү Т.М.Т. аттуу жарандан 26 миң доллар алганы кабарланган.
Шектүүлөр же алардын жактоочулары азырынча маалымат бере элек.
Президент Садыр Жапаров бийликке келгенден бери сот системасын реформалай турганын айтып, атайын кеңеш түзгөн. Бирок Кыргызстанда сот тармагына нааразылык дагы эле бар. Сот системасына сырттан кийлигишүү жок экенин Жапаров 11-мартта парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айткан. Ал судьялардын көбү менен түз байланышта экенин, соттун ишине кийлигишкен учурларды тыйып коёрун билдирген.
Буга чейинки үч ыңкылаптын негизги себептеринин бири катары сот адилетсиздиги аталган. (ZКo)
