Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2026
1 2 3 4 5 6 7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30

Азия чемпионатында үч кыргыз балбаны алтын медал алды

0

7-апрелде Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар Автандил Таалайбек уулу, Акжол Махмудов жана Асан Жанышов грек-рим күрөшүнөн чемпион болушту.

Автандил Таалайбек уулу (63 кг чейин) финалда ирандык Ахмад Мохсен Нежадды, Акжол Махмудов (77 кг чейин) ирандык Али Забихолла Оскуну жана Асан Жанышов да (87 кг чейин) ирандык балбан Голамреза Фарухини утту.

Ошентип, Акжол Махмудов спорттук карьерасында Азиянын төрт жолку, ал эми калган эки кыргыз балбандары биринчи ирет Азия чемпиону болушту.

Күрөштүн бул түрүнөн эртең, 8-февралда кыргызстандык балбандар бир алтын жана эки коло байге үчүн таймашат. Раззак Бейшекеев 67 килограммга чейинки салмакта финалда жапониялык Кенсуке Шимизу менен беттешет. Коло байге үчүн Амантур Исмаилов (72 кг чейин) кытайлык Донгю Ли менен, Мелис Айтбеков (97 кг чейин) дагы бир кытайлык Зеганг Ванг менен күрөшөт.

Акжол Махмудов - грек-рим күрөшүнөн Токио Олимпиадасынын күмүш (2021-ж.), Париж Олимпиадасынын (2024-ж.) коло байге ээси. Дүйнөнүн эки жолку, Азиянын төрт жолку чемпиону. Эл аралык ондогон мелдештерде байгелүү орундарды жеңген. Кадеттер арасында дүйнө чемпиону (2016-ж.), жаштар арасында дүйнө чемпионатынын күмүш (2017) жана коло байгелеринин ээси (2018-ж.), уландар жана жаштар арасында Азия чемпиону (2016-2017-ж.).

Асан Жанышов 20 чейинкилер арасында Дүйнө чемпиону (2024-ж.). 17 жашка чейинкилер арасында Азиянын бир жолку (2022-ж.), 23 жашка чейинкилер арасында Азиянын эки жолку чемпиону (2023-ж, 2024-ж.)

Бишкекте 6-апрелде башталган Азия чемпионаты 12-апрелге чейин уланат. Ага 350гө жакын балбан катышып, жалпысынан 30 комплект медал ойнотулууда. Алдыда эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештер бар. (BTo)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса