Казакстан: Үч жылуулук электр станциясын Орусиянын ордуна Сингапур курат
Казакстандын Өскемен, Семей жана Көкшетау шаарларында жылуулук электр станцияларын куруу ишин эми Сингапур менен биргелешкен консорциум жүзөгө ашырат. Бул тууралуу 7-апрелде өкмөттөгү брифингде энергетика вице-министри Сунгат Есимханов билдирди.
Буга чейин бул үч станцияны Орусия курат деп айтылып келген.
Вице-министрдин айтымында, долбоор EPC (инженерлөө, сатып алуу жана курулуш) келишими боюнча ишке ашат. Башкача айтканда, куруучу компания объектти белгиленген мөөнөттө жана макулдашылган баада толук даяр абалда өткөрүп бериши керек, ал эми буюртмачы Энергетика министрлиги даяр станцияны кабыл алат.
План боюнча, көмүр менен иштеген жылуулук станциялары 2029-жылы толук бүткөрүлүшү керек.
Есимханов белгилегендей, долбоордун курулушунда Кытай технологиялары да колдонулат.
2023-жылдын аягында Самрук-Казына улуттук фонду жана анын курамындагы Самрук-Энерго компаниясы Көкшетау, Семей жана Өскеменде жылуулук электр станциясын куруу боюнча Орусиянын Интер РАО ишканасы менен келишим түзгөн.
Бул сүйлөшүүлөр президент Касым-Жомарт Токаев Санкт-Петербургга сапары учурунда өткөн.
Азырынча Энергетика министрлиги Казакстан эмне себептен орусиялык компаниялардан баш тартканын түшүндүрө элек.
