Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2026
1 2 3 4 5 6 7 8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30

Маматалиев айдоочулук күбөлүк маселесин мындан ары көтөрбөөнү айтты

0

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев баш болгон депутаттар "Учкун" басмаканасына барып, соңку кезде талкуу жаратып жаткан паспорт, айдоочулук күбөлүк чыгаруу иштери менен таанышты.
Спикер Кыргызстан чыгарып жаткан документтер боюнча тийиштүү мекемелер маалымат бергенин 8-апрелдеги жыйында билдирди.

"Өзүм дагы ошол жерден жыйын өткөрүп, тийиштүү мекемелер "Унаа", Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү маалымат беришти. Айдоочулук күбөлүктүн үлгүсү башка өлкөлөргө өз убагында алдын ала жөнөтүлүп, бир дагы мамлекет кандайдыр маселе койбогонун айтышты. Анын алкагында Вена конвенциясынын талаптарына толугу менен жооп берет деген жооп айтылды. Бул маселе жаралбаш керек, мындан ары бул маселени толугу менен жаап койсок болот", - деди төрага.

Кыргызстанда 2025-жылкы үлгүдөгү жаңы айдоочулук күбөлүк Вена конвенциясынын айрым жоболоруна дал келбестиги, акыркы варианттагы күбөлүктү Евробиримдиктеги айрым өлкөлөр тааныбай жатканы тууралуу маалыматтар алгач соцтармактарда тарап, андан кийин маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн.

Парламент жыйынында президенттин иш башкаруучусунун орун басары Алмаз Раимбеков жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк Европанын айрым өлкөлөрүндө таанылбай жатканын четке кагып, маселе бир гана жеке ишкана документти кабыл албай койгонунан чыкканын билдирген. Ал айдоочулук күбөлүк бардык талаптарга жооп берерин жана бардык өлкөлөр тааный турганын кошумчалаган.

ТИМдин басма сөз кызматы 3-апрелде кабарлагандай, Кыргызстандын жаңы улуттук айдоочулук күбөлүгү чет өлкөлөрдө таанылбай жатканы тууралуу министрликтин дарегине расмий кайрылуу же даттануу болгон эмес.

Айдоочулук күбөлүк берүү реформасынын алкагында ушул жылдын январь айынын орто ченинен тартып жаңы үлгүдөгү күбөлүктөр бериле баштаган. Анын мурдагы күбөлүк менен көрүнүшү жана түзүлүшү боюнча айырмасы чоң. Күбөлүктү басып чыгаруу, реформа кылуу иши менен Президенттин иш башкармасы алектенип жатат. (КЕ)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса