БШК Абдылдабек Эгембердиевди депутаттык мандаттан ажыратты
Жогорку Кеңешке №19 шайлоо округунан шайланып келген Абдылдабек Эгембердиев депутаттык мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз жазды.
Анын арызы 8-апрелде каралып, БШК канааттандырды. Эгембердиев арызын 7-апрелде жазган. Ал өзү арыз жазууга эмне себеп болгонун айта элек.
Соңку саясий окуялардын фонунда Эгембердиевди кошкондо мандатын өз арызынын негизинде тапшырган депутаттардын саны тогузга жетти.
Буга чейин Гүлсүнкан Жунушалиева, Элдар Сулайманов, Нурланбек Тургунбек уулу, Кундузбек Сулайманов, Кубанычбек Конгантиев, Курманкул Зулушев, Шаирбек Ташиев, Нурланбек Азыгалиев. Дагы бир депутат Жанарбек Акаев президенттин буйругу менен Ош шаарына мэр болуп дайындалган.
10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон.
Андан кийин курган маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президенттин жана атайын кызматтын төрагасынын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин ал парламенттен сыртка чыкканын айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.
Андан бир күн мурда, 9-февралда аттуу-баштуу 75 кишиден турган топ президент менен Жогорку Кеңештин төрагасына кайрылуу жолдоп, Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү маселесин көтөргөн болчу.
Кийин алардын бир тобу суракка алынып, төртөө камалган. (КЕ)
