Нарында 7-класстын окуучусу өз жанын кыйганы айтылды
Нарын облусунун Нарын районундагы мектептердин биринде 7-класстын окуучусу өз жанын кыйганын 8-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева парламенттин жыйынында билдирди.
"Мектептеги китептин ижарасына деп чогултулган акчанын 110 сомун таба албай, тарбия завучу кабинетине алып кирип сурак алыптыр. Ал бала намыстанып асынып алыптыр. Биз өзгөчө парламентте мугалимдерге болушуп келебиз. Бул жерде 110 сом үчүн баланын өмүрү кыйылып жатат. Ал жакта ишти кыргызча жабабыз деп ызы-чуу болуп жатыптыр. Ушуну төрага өзүңүз жана өкмөт көзөмөлгө алып коюңуздар деп кайрылат элем", - деди Сурабалдиева.
Маалыматка караганда, каргашалуу окуя 1-апрелде Нарын районундагы Ийри-суу айылында болгону айтылды.
Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2025-жылы Кыргызстанда 101 өспүрүм өз жанын кыйган. Ички иштер миинстринин орун басары Октябрь Урмамбетов суицидге барган өспүрүмдөрдүн басымдуу бөлүгү Жалал-Абад облусунда катталганын билдирген. Аталган облуста 20 өспүрүм, Чүй жана Ысык-Көл облустарында 18ден, Баткенде 13, Ош облусунда 10, Нарын жана Талас облустарында экиден, Бишкекте 12, Ош шаарында 3 өспүрүм өз жанын кыйган.
Суицидге барган балдардын 85и мектеп окуучулары, 11и студенттер, беш бала эч жерде окубаганы аныкталган. Эркек балдар 66,3% түзсө, өз өмүрүнө кол салган кыздар 33,7% түзөт.
Расмий маалыматтарга ылайык, 2024-жылы балдар өз жанын кыйган 87 окуя катталган.
Милиция суицидге барган балдардын көпчүлүгү ата-энелери миграцияда жүргөндөр экенин билдирип келет. Өз жанын кыйган айрым балдардын жакындары өлүмгө мектептеги чоңсунуу, рэкетчилик себеп болгонун айтып чыгышкан.(КЕ)
